Түркияда террордук чабуулдарды алдын алуу үчүн бардык аэропорттор тыкыр текшерилүүдө

Түркия бийлиги ыктымал террордук чабуулдардан улам өлкөнүн бардык аэропортторунда коркунучтун деңгээлин кызгылт сарыга чейин көтөрдү. Бул тууралуу Түркиянын "Hurriyet" гезити билдирди.

Мындай чечим Анкарада бир күн мурда болгон диверсиянын фонунда кабыл алынган. Басылманын маалыматына караганда, азыр аба портторуна кирген унаалар тыкыр текшерүүдөн өтүп, коопсуздук кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн документтерин да текшерүүдө.

Мындан тышкары Стамбулдун "Сабиха Гёкчен" аэропорту саякатчыларды кошумча текшерүүлөр жөнүндө эскертип, аэропортко учууга үч саат калганда келүүгө үндөдү.

Эске салсак, кечээ, 23-октябрда Анкарада "TUSAŞ" заводунда теракт болгон. Анда куралчан адамдар заводго кирип келишип, жардыруу жана ок атуулар орун алган. Теракттан акыркы маалыматтар боюнча, 5 адам каза болуп, 22 адам жарадар болгону айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан