Бишкектин Учкун кичи районунда жылуулук берүү бузулууларга байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, учурда жеринде бригада иштеп, бузулган жерди аныктоо иштери жүрүп жатат.
Төмөнкү даректер убактылуу өчүрүлгөн:
- Учкун кичи району, № 11, 14, 15, 16, 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24 үйлөр (А жана Б блоктору);
- Уч-Тулга көчөсүндөгү 15 участок; Казан Булак, 10.
Аталган аймакта жылуулук 25-октябрда болжол менен саат 16:00гө чейин калыбына келтирилип, бериле баштайт.