Шри-Ланкада израилдик туристтерге каршы теракттарды даярдоого катыштыгы бар деген шек менен эки адам кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Кармалгандардын бири өлкөгө Ирактан келген. Кошумчалай кетсек, шектүүлөрдүн бири баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип, ал үчүн жазасын өтөгөн. Тапшырманы аткарганы үчүн алар 50 миң рупий (170 доллар) алышкан.
АКШ элчилиги америкалык жарандарды жакынкы күндөрү Аругам булуңунан оолак болууга үндөдү.
Буга чейин Шри-Ланканын коопсуздук күчтөрү Аругам булуңунда израилдиктерге кол салуудан чочулашкан.