Финляндия Орусия менен чек арасындагы эки өткөрмө бекетинин ишин толук токтотконун жарыялады

Финляндиянын Чек ара кызматы Орусия менен чек арадагы Париккала жана Инари убактылуу өткөрмө бекеттеринин ишин толугу менен токтотконун жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

21-февралда Финляндиянын чек ара кызматынын өкүлү Марко Саарекс орус бийлиги Финляндияга бул чек ара өткөрмө бекеттерин жабууну сунуштаганын билдирген.

"Ушул айда бул убактылуу өткөрүү пункттарын жабуу чечимин Финляндиянын жана Орусиянын чек ара кызматынын башчылары кабыл алышкан", - деп айтылат маалыматта.

Чек арачылар бул чечимди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон практикалык чараларды көрүшөт, анын ичинде чек ара бекеттериндеги жол белгилерин демонтаждоо иштери жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан