Жалал-Абад шаарында ушул жылдын апрель айында дайынсыз жоголгон 19 жаштагы жигит изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, 2005-жылы туулган Лутфиллаев Ойбек Лачинбекович 16-апрель күнү саат 17:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Учурда Лутфиллаев Ойбектин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: бою 170-175 сантиметр, өӊү ак жүздүү, кашы-көзү кара, чачы кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: белгисиз.
Дайынсыз болуп жаткан Лутфиллаев Ойбек Лачинбекович тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо милиция кабарлап коюуну суранат. Тел.: 102, (03222) 5 28 31, 0504 48 49 44, 0772 92 92 53.