Анкара шаарындагы терактты ишке ашыргандардын биринин өздүгү аныкталып, ал Күрдстан жумушчу партиясынын мүчөсү экени такталды. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Йерликаянын билдирүүсүнө таянып чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, каза болгон террорчунун ысымы Али Орек болгон. Ал Ройгер деген каймана ысымды алып жүргөн. Ошондой эле министр учурда кол салууга катышкан аялдын аты-жөнүн аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалаган.
Эске салсак, 23-октябрда Анкарадагы Tusaş заводунда теракт болгон. Анда куралчан адамдар заводго кирип келишип, жардыруу жана ок атуулар орун алган. Теракттан 4 адам каза болуп, 14 адам жарадар болгону айтылган.