Бишкектеги Жибек Жолу проспектисинде жол оңдоо иштери аяктады (видео)

Бишкектеги Жибек Жолу проспектисинде жолду капиталдык оңдоо жумуштары аяктады. Бул боюнча муниципалитеттен бүгүн, 25-октябрда билдиришти.

Ага ылайык, Жибек Жолу проспектисинде Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып Осмонкул көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өттү.

Анда жолдун асфальт катмары жаңыланды, бордюрлар алмаштырылды, айрым тилкелер кеңейтилди жана жер астындагы суу түтүктөрү алмаштырылды. Ал эми көрктөндүрүү, жол боюндагы электр мамыларын, чубалгыларды иретке келтирүү, жөө адамдар басуучу тилкени оңдоо жумуштары улантылат.

Муниципалдык райондук администрациялар тарабынан аялдамаларды оңдоо жумуштары да жүргүзүлөт.

25.10.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан