Трамп Байдендин уулуна ырайым кыларын айтты

АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп эгер шайлоодо жеңип чыкса, азыркы лидер Жо Байдендин уулуна ырайым кыларын билдирди. Бул тууралуу ал Salem Radio Network радиосунун алып баруучусу Хью Хьюиттке берген маегинде айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Трамп азыркы бийлик тарабынан катуу куугунтукка алынганына карабай мындай кадамга бара ала турганын белгилеп, "мен аны тизмеден чийип салбайт элем" деген. Ошол эле маалда саясатчы айыпталып жаткан Хантер Байденди "чындыгында жаман жигит" деп атаган.

Белгилей кетсек, Хантер Байден салык төлөөдөн качкан жана мыйзамсыз курал-жарак сактаган деп айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан