Алматы облусунун Теренкара айылында убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен жаран кармалды. Ал өз жээнин зордуктоого шектелип кармалган болчу. Бул туурасында казак басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, издөө иштерине милиция, ыктыярчылар жана жергиликтүү тургундар тартылган. Анын натыйжасында 1998-жылы туулган Бекарыс Калмырзаев кармалып, кайрадан убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага качып кеткендиги үчүн дагы бир айып тагыла тургандыгы кошумчаланган.
Белгилей кетсек, 21-октябрда казак полициясы шектүү жаран качып кеткендигин билдирип, Талгар шаарында унааларды тинтүүгө алган. Анын натыйжасында бир нече чакырымга созулган унаа тыгыны жаралган.