Азербайжан менен Армения тынчтык келишими боюнча макулдашты 

Азербайжан менен Армения тынчтык келишимине жетишүү үчүн макулдашууларды жүргүздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Казандагы саммитте “БРИКС плюс” форматындагы жолугушууда айтканын билдиришти.

Анын айтымында, Армения менен Азербайжандын ортосунда тынчтык келишими 80-90 пайыз макулдашылган. Эки тарап бири-биринин аймактык бүтүндүгүн таануу менен, келечекте дооматтарды койбостон дипломатиялык мамилелерди түзүүгө даяр.

Ошондой эле Пашинян Азербайжандын эсклавы катары эсептелген Нахичевань аймагына транспорттук байланышты камсыз кылууну сунуштап, эки өлкө ортосундагы фундаменталдык мамилелерди бекемдөө үчүн келишимге кол коюуга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан