Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу кийинки жылы пайдаланууга берилеби? Министрликтин жообу

Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирирүүчү альтернативдүү жол 2025-жылы жазда ишке берилиши мүмкүн. Мындай билдирүүсүн транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев пресс-конференцияда айтты.
Анын айтымында, Көк-Арт ашуусундагы тоннелден башка бардык иштер бүткөн.
"Тоннелдеги иштин 95 пайызы аяктап калды. Толук кандуу ноябрда курулушун бүтүрүү зарылчыгы турат. Кийинки жылдын жаз айларында колдонууга берүү пландалууда", - деп билдирет ал.

Белгилей кетсек, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу татаал тоо ландшафттарында курулуп жаткан 433 чакырымдык магистраль болуп саналат. Аталган жол Кыргызстандын түндүк бөлүгүнөн Балыкчы шаары менен түштүк бөлүгүнөн Жалал-Абад шаарын бириктирип турат.

Мамлекет башчысы төрт сааттын ичинде түштүктөн Балыкчыга чейин барса боло тургандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан