Москва шаарында мигранттарга электрондук күбөлүк берүү пландаштырылууда

Орусиянын Москва шаарында жүргөн мигранттар 2025-жылдан баштап электрондук күбөлүк менен жүрө баштайт. Мындай маалыматты шаар башчысы Сергей Собянин билдиргенин орус басылмалары жазып чыгышты.

Анын айтымында, бул пилоттук долбоор болуп, эксперимент катары жүргүзүлөт.

“Мындай күбөлүктөр чет өлкөлүк жаран тууралуу бардык маалыматтарды камтыйт. Анда мигранттын Орусияга келген күнү, биометрикалык маалыматтары, иштеген жери, шаарда убактылуу жашоого уруксат алган каттоосу сыяктуу маалыматтары болот”, - деп белгилеген шаар башчысы.

Белгилей кетсек, Москва шаарында мыйзамсыз миграцияга байланыштуу рейддер жүрүп, миңдеген жарандар депортацияга дуушар болгону айтылган.

Ал эми Орусиянын Мамлекеттик Думасы пленардык жыйында миграциялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизген үч долбоорду биринчи окууда жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан