Бүгүн, 25-октябрда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда болуп, угуусу начар балдарга жасалып жаткан операциялардын жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Катар мамлекетинен профессор Абдулсалам Аль-Кахтани жетектеген хирургдар тобу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кохлеардык имплантация боюнча операцияларды жасоо үчүн келишкен.
"Борбордо бир жуманын ичинде 50гө жакын балага операция жасалат. Мурда кол коюлган меморандумга ылайык, Катардын өкмөтү кайрымдуулук жана ислам иштери министрлиги аркылуу бардык зарыл финансылык чыгымдарды, анын ичинде кохлеардык имплант системасын камсыз кылууну, ошондой эле операциядан кийин балдарды реабилитациялоого байланышкан чыгымдарды өз моюнуна алат", - деп айтылат маалыматта.