Кыргызстандын параармрестлинг боюнча спортчулары Мумбаиде орун алган Азия кубогунан 18 алтын менен келишти. Бул туурасында бүгүн, 25-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов параармрестлинг боюнча курама команданын мүчөлөрү менен болгон жолугушууда маалым болду.
Жолугушуу учурунда департамент башчысы спортчуларды ийгиликтери менен куттуктап, бул жеңиштер алардын талыкпаган эмгегинин, максатка умтулгандыгынын жана машыктыруучу штабдын колдоосунун натыйжасы экенин белгиледи.
Маалымдалгандай, Кыргызстандын параармрестлинг боюнча улуттук командасы жалпы 18 алтын медалды жеңип алды.
Алар:
1. Жаркулов Чолпонбай – 1 алтын медаль;
2. Эсенказиева Света – 2 алтын медаль;
3. Нуркамал уулу Шабдан – 2 алтын медаль;
4. Муталипова Айгүл – 4 алтын медаль;
5. Тыныстанов Медер – 1 алтын медаль;
6. Калыков Билал – 2 алтын медаль;
7. Төрөкулова Каныкей – 2 алтын медаль;
8. Исаков Толкунбек – 4 алтын медаль.
Белгилей кетсек, мелдештер Индиянын Мумбаи шаарында 19-23-октябрь күндөрү өткөн.