Тажикстандык мушкер UFC уюмунун жетекчисинен мүмкүнчүлүк сурап, жообун алды

Кечээ, 24-октябрда Абу-Дабиде өткөн "UFC 308" турниринин пресс-конференциясында тажик мушкери Доробшох Наботов UFC уюмунун президенти Дана Уайтка англис тилинде кайрылып, мүмкүнчүлүк сурады. Бул тууралуу Спорт Шредингера Телеграм каналы жазды.

Дана Уайт мушкерди сахнага чакырып, ага бир нерсе айтып, андан кийин тиешелүү адамдарга жөнөткөн. Маалым болгондой, Доробшох Наботов 14-декабрда Түштүк Кореяда турнириге катышат. Эгер ал турнирде атаандашын жеңе турган болсо, UFC уюму аны менен келишим түзөт.

Наботов Челябинск шаарында төрөлүп, Орусиянын лигаларында беттешип келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан