Нарын облусунун Жумгал районунун Өрнөк айылында жайлоого мал кайтарганы кеткен Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен кошо дайынсыз жоголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына изделип жаткан жарандын аталаш карындашы Сезим Сабырбек кызы билдирди.
Анын айтымында, аталаш агасы 2014-жылы туулган уулу менен чогуу 16-октябрь күнү Жансар деген жайлоого мал кайтарганы кеткен. Ал жакта 5 күн мал кайтарып, 21-октябрда кайтып келмек.
"16-октябрь күнү агам жайлоого жетип, үйүндөгүлөр менен байланышыптыр. Анда ал "Бул жак суук экен" деп айткан экен. Ошондон кийин эле агам менен байланыш үзүлдү. 17-октябрь байланышка чыккан жок, 18-октябрда мал кошкону баргандар "Алардын тамактары желбептир, төшөктөрү салынбай, малдары чачырап кетиптир" деп айтып келишти. Анын аты Көкөмерен дарыясында өлүү табылды. 19-октябрдан баштап издөө иштери башталды. ӨКМ кызматкерлери дагы келишти. Бирок алардан эч кандай натыйжа жок. Алардын эч кимисинин шаймандары жок экен, суудан өтө алышпайт же шаймандары жок", - деди ал.
Ал ошондой эле агасынын аты суудан табылгандыгына байланыштуу издөө иштери сууда жүргүзүлүп жатканын айтты.
"Аты суудан табылды. Ошондуктан аларды Көкөмерен дарыясын Нарын дарыыясына кошулган жерге чейин издеп келишти.Токтогул ГЭСине дагы барышты. Ал жактын торчосун ачып салышкан экен", - деди Сезим Сабырбек кызы.