Ооганстан аялдардын бири-бири менен сүйлөшүүсүнө тыюу салды

Талибдер ооган аялдарына бири-бири менен сүйлөшүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

2021-жылдын августунда талибдер бийликке келгенден бери ооган аялдарынын жашоосу эркиндиктери катуу чектөөлөргө дуушар болууда. Билим берүү, коштоосуз саякаттоого, коомдук баарлашууга жана парктарга, сулуулук салондоруна же спорттук иш-чараларга барууга тыюу салынган.

Ошондой эле аялдардын баш калкалоочу жайлары жабылып, аялдарды зордук-зомбулуктан коргогон мыйзамдар жокко чыгарылды. "Исламга туура келбеген жүрүм-туруму" үчүн аялдар уруп-сабалып же камалышы мүмкүн.

Ал эми жаңы тыюуну министр Халид Ханафи киргизген, ал азыр ооган аялдарына эркектер менен гана эмес, бири-бири менен да сүйлөшүүгө тыюу салды. Ошондой эле намаз окуп жаткан учурда да алардын үнүн башка аялдар укпоосу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl27
2024-10-28 09:20:00
Эркектердин өз оюнан чыгарып алган жасалма диний эрежелер кыздарга таңууланбаш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан