Орусиянын Ижевск шаарында үй-бүлөлүк чырдан кийин 34 жаштагы киши апасынын кийип турган кийимин өрттөп, натыйжада 64 жаштагы аял денесинен катуу күйүк алып, тез арада ооруканага жеткирилген. Окуя чыңалган чырдан кийин болгон. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, апасы уулун аракетсиздиги жана көз карандылыгы үчүн жемелеп койгон. Буга ачууланган уулу күйгүзгүчтү алып, анын кийимин өрттөп жиберген.
Тезирээк өчүрүүгө аракет кылганы менен аял болбой эле 2-3-даражадагы күйүк алган. Бутунун, денесинин 15 пайызы күйгөн.
Маалыматта кол салган адам мурда каракчылык менен соттолгону айтылды. Ошондой эле ал окуя болгон жерден кармалып, учурда укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселесин карап жаткандыгы маалым болгон.