Кечээ, 27-октябрда Израилде жүк ташуучу унаа армиянын аскердик базасынын жанындагы аялдамада турган адамдарды сүзүп кетти. Тель-Авивдин түндүгүндөгү Рамат- Хашарондогу трагедияда кеминде 24 киши жаракат алганын куткаруу кызматтары билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
6 адам оор жаракат алып, кеминде 16 адам ооруканага жаткырылды. Полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат. Жүк ташуучу унаа аялдамада жүргүнчүлөрүн түшүрүп жаткан автобусту сүзүп, андан кийин адамдарды сүзгөн.
Полиция жүк ташуучу унаанын айдоочусу "нейтрализацияланганын" билдирди.