Грузиянын президенти парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, элди көчөгө чыгууга чакырды

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили 26-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, элди дүйшөмбү күнү Тбилисиде нааразылык акциясына чыгууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Бул шайлоо болгон жек, мен бул шайлоону толугу менен бурмаланды деп эсептейм жана жыйынтыгын тааныбайм. Ошондуктан бардык жарандарды дүйшөмбү күнү Руставели проспектисинде митингге чыгууга чакырам", - деген Зурабишвили.

Президенттин билдирүүсү оппозициядагы негизги саясий партиялар менен кеңешкенден кийин айтылды.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоо участкаларынын 99 пайыздан ашыгы бюллетендерди санагандан кийин Грузиядагы парламенттик шайлоодо “Грузин кыялы” 54 пайыздан ашуун добушка ээ болду.

Зурабишвилинин президенттик мөөнөтү ушул жылдын декабрынын аягында бүтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан