Испания чемпиондугунун алкагында өткөн "Эль-классико" оюнунда "Барселона" клубуна ири эсепте жеңилген "Реал Мадриддин" оюнчулары кийим алмаштыруучу жайда көпкө сүйлөбөй, ойго чөмүлүп отурушкан. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, каталондук клубга 0:4 эсебинде жеңилген "Реалдын" оюнчулары оюндан кийин бири-бири менен сүйлөшпөй, көпкө ойго чөмүлүп отурушкан. Башкы машыктыруучу Карло Анчелотти дагы футболчуларга сүйлөбөй койгон.
Ошондой эле "Реалдын" оюнчулары маалымат жыйынга келбей коюшкан.
Бул оюндан кийин "Реал" 24 упай менен Испания чемпиондугунун жадыбалында экинчи орунда. Турнирдин жадыбалында 30 упайы менен "Барселона" алдыда. Кийинки турда "Реал Мадрид" "Валенсия" менен, ал эми "Барселона" "Эспаньол" менен беттешет. Беттештер 2-3-ноябрда орун алат.