Ирандын түштүк-чыгышында болгон теракттан 10 полиция каза болгондугу айтылды

Ирандын Тафтан шаарындагы Гохаркух көзөмөл-өткөрүү жайында террористтер эки пунктту басытырып кирип, буктурмага алышкан. Бул туурасында Fars News агенттиги өз булактарына таянып жазып чыкты.

Маалымдалгандай, алар менен кармашууда 10 коопсуздук кызматкери каза болгон. Алар көзөмөл-өткөрүү жайындагы кызматтан кийин өз базасына кайтып келе жатышканда террористтердин кол салуусуна кабылышкан.

Кошумчалангандай, Ирандын ички иштер министри Эскандар Момени адам өлүмүнө алып келген окуяны иликтөөгө буйрук бергендиги айтылат. Ошондой эле өздөрүн "Jaish Al-Adl" деп атаган топ кандуу кол салуу үчүн жоопкерчиликти алгандыгы маалыматта белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан