УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда жаш мушкер менен рингге чыкты. Бул тууралуу видеону "Регион" телеканалы тарткан.
Маалым болгондой, УКМКнын төрагасы Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинде жана "Ден соолук" спорт борборунда болду. Анда Ташиев ошол жерде машыккан жаш мушкерлердин бири менен рингге чыккан.
УКМКнын башчысы жаш спортчуларды жакшы машыгып, Кыргызстандын желегин желбиретүү керектигин айткан.
"Силердин башкы максатыңар жакшы машыгып, Кыргызстандын желегин бийик көтөрүп, ар жерде кыргыздын намысын коргоо болушу керек. Биз 2025-жылдын аягына чейин спорт мектебин жана спорт борборун капиталдык оңдоодон өткөрүп, жакшы шарт түзүп беребиз", - деп билдирди Ташиев.