Орусиялык ырчы Ани Лорак Москвада жеке концертин берип, концерт учурунда эмоциясын жашыра албай көзүнө жаш алды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Ал концерт учурунда ырдап жатып көзүнө жаш алып, ыр саптарын чаташтырган. Бирок күйөрмандары буга маани деле беришкен эмес. Концерттен кийин ал эмне себептен көзүнө жаш алгандыгын айтып берген. Айтымында, көрүүчүлөр билетти алгандан кийин концертти 6 ай күтүшкөн.
"Күйөрмандарым бул концертти 6 ай күтүштү. Билеттер "Крокус Ситидеги" теракттын алдында сатылган. Теракттан кийин анын концерт жылдырылды, бирок күйөрмандарым бир дагы билетти кайра өткөрбөй, концертимди күтүштү", - деген ал.
Ал ошондой эле ырларды ички сезими менен ырдай турганын, ошондуктан эмоциясын жашыруу кыйын болгонун кошумчалаган.