Украинанын президенти Владимир Зеленский чет элдиктерге жана жарандыгы жок адамдарга Украинанын Куралдуу күчтөрүндө келишим боюнча офицердик кызматты өтөөгө уруксат берген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Келишимге кол коюудан мурун чет элдиктер текшерүүдөн өтүшү керек, ал үчүн Чет элдиктерди кабыл алуу борбору түзүлөт. Текшерүүлөрдө чек арадан өтүүнүн мыйзамдуулугу, Украинада административдик же кылмыш жоопкерчилигинин жоктугу, ошондой эле өлкөгө каршы чалгындоо жана диверсиялык иш-аракеттерге катышуу мүмкүндүгү камтылат.
Бул чечим Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарына кирүүнү каалаган чет элдик жарандар үчүн убактылуу визасыз режимди да камтыйт.
Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко 10-октябрда парламент жактырган мыйзам долбоору офицерлердин жетишсиздигинен улам кабыл алынганын белгиледи.
Буга чейин чет элдиктер Украинанын Куралдуу күчтөрүндө катардагы жана сержанттык кызматтарда гана кызмат өтөй алышкан.