Бүгүн, 28-октябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө ысык суу жана жылуулук убактылуу өчөт. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борборунда, Фурманов көчөсү, 16, Чыңгыз Айтматов проспектиси, 21, Севастопольс көчөсү, 20 даректеринде саат 9:30дан 17:00гө чейин жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо убактылуу өчүрүлөт.
"Белгиленген даректерде жылуулук менен камсыз кыла турган түтүктөрдү оңдоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди мэрия.