Фиджинин жээктеринде күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө болду

Фиджи аралындагы мамлекеттин аймагында күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Австралиянын мамлекеттик геологиялык бюросу билдиргенин жазышууда.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу 94 миңдей адам жашаган Фиджи Республикасынын борбору Сува шаарынан 400 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан. Булак 600 чакырым тереңдикте жаткан.

Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок. Цунами коркунучу жарыяланган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан