Каспийдин жээгинен 150дөн ашык кырылып калган тюлендер табылды

Каспий деңизинин Казакстандын Тупкараган районунда жайгашкан жээгинен 150дөн ашык кырылып калган тюлендер табылды. Бул туурасында казак басылмалары жазышты.

Маалымдалгандай, учурда жеринде Жайык-Каспий облустар аралык балык чарба инспекциясы, жергиликтүү бийлик, Гидробиология жана экология институтунун өкүлдөрү иш алып барууда.

“Азыркы тапта мониторинг жүргүзүлүп, тийиштүү анализдер алынган. Анын жыйынтыгы менен массалык түрдө тюлендердин кырылып калуусунун себеби аныкталат”, - деп айтылат маалыматта.

Айрым экологдор тюлендердин денесине механикалык зыяндар келтирилгендигин айтышкан. Учурда 151 тюлень деңиз жээгине толкун менен чыгарылган, анын саны өсүшү мүмкүн экендиги маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан