Депутат Айдарованы "Эмгек кодекси милиция кызматкерлерине колдонулбайт" деген жооп өкүндүрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова эмгек табелинде милиция кызматкерлеринин 8 сааттык жумушчу күнү гана белгиленерин, 24 саат иштеп калган учурда алардын кошумча сааттары жазылбаарын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Эмгек кодексинин долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угууда билдирди.

Буга эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын директору Чолпонкул Мадьяров Эмгек кодекси укук коргоо, прокуратура органдарына, ӨКМ жана Бажы кызматына колдонулбай турганын айтып, жооп берди. Анын айтымында, бул кызматтар эмгек шарттарын өздөрүнүн ички мыйзамдары менен көзөмөлдөйт.

Айдарова "алар эмгекти мамлекет үчүн кылып жатышса дагы эмгеги каралбаганы кызык" деп белгилеп, бул нерсе "өкүнүчтүү" экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан