Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Билал Шарип уулу Албаниянын Тирана шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунун коло медалына ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу 65 килограммга чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/16 финалдык беттеште молдовалык Павел Граурду 12:2 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште румыниянын балбанын Дэниел М. Сандуну 10:0 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.
1/4 финалдык беттеште орусиянын балбаны Ибрагим Ибрагимовго 8:2 эсебинде жеңилип калды. Жубатуучу беттеште белгиялык Ильяс Абдурашидовду 15:4 эсебинде утуп 3-орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Коло медаль үчүн беттеште өзбекстандык спортчу Умиджон Жалаловду жеңип, өз салмагында 3-орунду ээледи.