Украина президентинин офисинин (ОП) башчысы Андрей Ермак Орусия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн анын аскерлери жок дегенде 2022-жылдын 24-февралына чейин ээлеген позицияларына чегиниши керектигин айтты. Бул тууралуу ал италиялык Corriere Della Sera гезитине берген маегинде билдирди.
Президент Владимир Зеленский эч качан аймактык компромисс тууралуу айтпаганын, тескерисинче, Украинанын эл аралык коомчулук тааныган чек арасын калыбына келтирүү зарылдыгын айтып жатканын кошумчалады.
Ермак Крым менен Донбасс эч кандай шартсыз Украинанын аймактары бойдон каларын белгилеп, орус тараптын шарт коюп жатканына нааразылыгын билдирди.
"Биз согушту каалаган адамдардын таасири астында тынчтык сунушун кура албайбыз", - деди Ермак.
Буга чейин июнь айында президент Зеленский эгерде Орусия Украинанын аймактык бүтүндүгүн эл аралык тааныган чек аралардын алкагында сыйласа, Киев Москва менен эртең эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн билдирген.