Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун айрым чакырымдары убактылуу жабылды 

Бүгүн, 28-октябрда Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылынан Нура айылына чейинки жолу убактылуу жабылды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунда кар жаап, бороон жүрүп жатат.
"Жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында саат 12:00дөн тартып Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 184-чакырымынан 250-чакырымына чейин унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Төө-Ашуу ашуусунда да кар жаап жаткандыгына байланыштуу оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан