"2 метр жерге киребиз". Депутат жумуш учурунда каза болгондорго бирдей компенсация төлөөнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов кызмат учурунда каза болгондорго төлөнүүчү компенсацияга бирдиктүү сумма киргизүүнү сунуштады. Ал бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Эмгек кодексинин долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угууда билдирди.

Депутат Эмгек кодексинин долбоорунда жумуш ордунда каза болгон учурда орточо айлык акынын 20 эселенген өлчөмүндө акча төлөө каралганын эске салды.

"Каза болгондо баары бирдей эле көмүлөт. Же эмне көп айлык алгандар башкача, аз алгандар башкача көмүлөбү? Көп болсо келген адамдарда айырма болбосо баарыбыз эле бирдей 2 метр жерге киребиз да. Муну айлык акыга карабастан бирдиктүү сумма койсо болбойбу? Бирөө 3 миң айлык алса, 60 миң сом компенсация, көп алгандардыкы миллиондоп кетет экен. Бирок алар бирдей эле көмүлөт да. Акыркы сапарга узатуу зыйнатында канча чыгым болсо ошого жараша сумма кылбайлыбы? Жок дегенде өлгөндө теңдик болсунчу деген ой да", - деди Маткеримов.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев бул сунуш карала турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан