Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев аномалдуу ысыкта иш күнүн кыскартууну киргизүү керектигин айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Эмгек кодексинин долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угууда сунуштап, мындай ченем эл аралык практикада колдонуларын белгиледи.
Буга Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев азыркы редакцияда жана сунушталып жаткан долбоордо мындай норма жок экенин айтып жооп берди. Ал эми Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматынын директору Чолпонкул Мадяров кодексте жумуш берүүчү кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү экенин айтты.
"Эки жыл мурун Саламаттыкты сактоо министрлиги нормадан ашыкча ысыкта кызматкерлерди ичүүчү суу менен камсыз кылууга, жашы 50дөн ашкан кызматкерлердин иш күнүн бир саатка кыскартууга милдеттендирген буйрук чыгырган. Бирок бул Эмгек кодексине кирген эмес", - деди Мадяров.
Алиев бул норма коңшу өлкөлөдө дагы колдонула баштаганын белгилеп, долбоорго тиешелүү пунктту кошууну сунуштады.