Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдик унаа жолуна кар көчкү түштү

Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 346-348-чакырымдарында кар көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, жолдун Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундаг тилкесинде, болжол менен 346-348-чакырымдарында кар көчкү түшкөндүгү жана туннелдин ичинде 10 чакты туруп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер тартылган. Тазалоо иштерине "Чайна-Роуд" ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.

ӨКМ кошумча маалымат берилерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан