Жакында эле жаңы кызматка дайындалган Айсулуу Тыныбекова кызматтык орду боюнча үн катып, Инстаграм баракчасында билдирүү калтырды.
Анда ал федерациянын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти ал үчүн жөн гана кызмат эмес, кыялдарын ишке ашыруу үчүн маанилүү жоопкерчилик жана мүмкүнчүлүк экенин жазган.
"Мен үчүн бул жөн гана жаңы кызмат эмес – бул Кыргызстандагы кыз-келиндер күрөшүнө байланышкан кыялдарымды жана пландарымды ишке ашыруу үчүн маанилүү жоопкерчилик жана мүмкүнчүлүк. Мен өзүмдүн тажрыйбам жана колдооңуздар менен биздин спортчуларды шыктандырып, туура жолго сала алам деп ишенем, алардын профессионалдык өсүшүнө шарт түзүп, командалык духубузду бекемдей алам. Кыз-келиндер күрөшүнүн чоң потенциалы бар жана биз биргеликте мындан да көп ийгиликтерге жетишип, күчтүү жана максаттуу чемпиондордун жаңы муунун тарбиялайбыз деп ишенем" - деп жазган Тыныбекова.
Ошондой эле ал жакында тыныгуудан кийин килемге кайтып келе турганын дагы кошумчалаган.
"Мен спортто каларымды айткым келет. Бир аз тыныгуудан кийин килемге кайтып келип, өлкөбүз үчүн мелдешти улантам. Мага ишенип, бул жолду мени менен бөлүшкөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем", - деген ал.