Эмгек министрлиги өлкөдө 86 миң бала туугандарынын кароосунда экенин билдирди

Быйылкы жылдын 9 айында туугандарынын камкордугунда калтырылган 86 миңден ашык эмгек мигранттарынын балдары аныкталып, көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 72 миңдей баланын ата-энеси өлкөдөн чыгып кеткен.

"Өткөн мезгилде жалпысынан 296 миңден ашуун үй-бүлөлүк текшерүүлөр уюштурулуп, эмгек мигранттарынын балдарын, балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук учурларын алдын алуу жана аныктоо максатында иштер жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан