Кыргызстандык окуучулар абадагы акробатика боюнча дүйнөлүк чемпиондукта алтын медаль тагынышты

23-27-октябрь күндөрү Швециянын Упсала шаарында абадагы акробатика боюнча дүйнөлүк чемпиондук болуп өттү. Мелдешке 27 өлкөдөн 600дөн ашуун спортчу катышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Кыргызстандан чемпиондукка 7 спортчу кыз катышты: Гүлбара Болотова, Анастасия Ференц, Виктория Тарасова, Талия Айдарова, Бегимай Болотова, Дарья Коваль жана Арууке Борбуева.

Ага ылайык, Бишкектеги №64 мектептин окуучусу Бегимай Болотова дүйнөлүк чемпиондукта алтын медаль жеңип алды.

Белгилей кетсек, биздин спортчу кыздар эң мыкты натыйжаларды көрсөтүп, 3 алтын жана 3 күмүш медаль тагынышты.

- Алтын медаль: Гүлбара Болотова — абадагы шакек; Бегимай Болотова — абадагы шакек; Анастасия Ференц — спорттук пилон;

- күмүш медаль: Гүлбара Болотова, Бегимай Болотова, Талия Айдарова (абадагы шакек боюнча топтук номер).

Кыргыз командасынын машыктыруучулары Яна Сивирина жана Кристина Орозумбекова да коштоп барышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан