Орусиянын Красноярск аймагында мыйзамсыз миграцияга каршы рейд учурунда 240тан ашуун адам кармалды. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.
Тергөө комитетинин облустук башкы башкармалыгынан билдиришкендей, ири соода түйүндөрүнүн биринин жыгач иштетүүчү базасында, өндүрүштүк-логистикалык комплексинде жана бөлүштүрүү борборунда ири рейд жүргүзүлдү.
Алардын тараткан видеосунан ишканада иштеген бир нече жаранды атайын унаалар менен алып кетип, ал жактан анализ алып жаткандыгын байкай алабыз. Ошондой эле тасмада Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун да көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, Москва шаарында мыйзамсыз миграцияга байланыштуу рейддер жүрүп, миңдеген жарандар депортацияга дуушар болгону айтылган.
Ал эми Орусиянын Мамлекеттик Думасы пленардык жыйында миграциялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизген үч долбоорду биринчи окууда жактырды.