Жергиликтүү кеңешти шайлоо: Бишкекте аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу даректери

Бишкек шаарында жергиликтүү кеңештерди шайлоого аралыктан добуш берүүнү каалагандар 2-ноябрга чейин кайрыла алышат. Бул тууралуу калаа бийлиги бүгүн, 28-октябрда билдирди.
Ага ылайык, арыздарды кабыл алуу үчүн 9 пункт иштеп жатат.
  • Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу (М.Фрунзе көч., 547);
  • Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын имараты (Байтик баатыр көч., 17);
  • К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепканасы (А.Огонбаев көч., 242);
  • А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры (Ю.Абдрахманов көч., 167);
  • К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети (Ч.Айтматов пр., 27);
  • И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (И.Ахунбаев көч., 92);
  • И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (И.Раззаков көч., 51);
  • Туризм академиясы (Чүй пр., 99);
  • Калкты тейлөө борбору (Ч.Валиханов көч., 2).
Ошондой эле электрондук арызды «tizme.gov.kg» сайтындагы «Шайлоочунун кабинети» аркылуу берүүгө болот. Бардык суроолор боюнча телефон номери 1255.
Белгилей кетсек, 17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан