Ирандык белгилүү балбан Мохаммадали Гераеи Албаниянын Тирана шаарында баштала турган күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышканы жатат.
Ал грек-рим күрөшү боюнча 82 килограмм салмакта чүчү кулакка катышкан. Гераеи алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштайт жана анда индиялык Дахия аттуу балбан менен кез келет.
Белгилей кетсек, ирандык Мохаммадали Гераи кыргыз балбаны Акжол Махмудовдун негизги атаандаштарынын бири. Эки балбан тең 77 килограмм салмакта күрөшөт.
Былтыр Дүйнө чемпиондугунда Гераеи иниси Мохаммедреза Гераеи күрөшүп жаткан маалда калыска суу куюлган бөтөлкөнү ыргыткан. Мындан улам Дүйнөлүк күрөш уюму аны спорттон бир жылга четтетип, ал Париждеги Олимпиада оюндарына катыша албай калган.