Кыргызстандан 22 миң даана бөтөлкө “Черные глаза” виносу Торугарт өткөрмө бекети аркылуу Кытайга жөнөтүлдү. Бул туурасында кечээ, 28-октябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, 2024-жылдын жай мезгилинде Кыргызстандын «Аталык групп» компаниясы Кытай тарап менен спирт ичимдиктерин жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.
"Жакында КЭРдин аймагына Кыргызстандан 22 миң даана бөтөлкө “Черные глаза” Торугарт өткөрмө бекети аркылуу жөнөтүлдү. Ал үчүн компания Кытай тараптын фитосанитардык сертификаты, фумигациялоо жөнүндө мыйзамы боюнча бардык экспорттук шарттарын аткарган", - деп айтылат маалыматта.