"Манчестер Ситинин" футболчусу Родри "Алтын топту" жеңип алды

"Манчестер Ситинин" жана Испаниянын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Родри (Родриго Касанте) 2023/2024 сезонунун жыйынтыгында "Алтын топту" жеңип алды. Бул тууралуу Париждин Шателет театрында өткөн салтанатта белгилүү болду.

Сыйлык үчүн добуш берүүдө 2-орунду "Реал Мадрид" жана Бразилия курамасынын чабуулчусу Винисиус Жуниор ээледи.

Франциянын France Football гезитинин версиясы боюнча өткөн сезондун жыйынтыгы боюнча дүйнөнүн эң мыкты 5 футболчусуна: үчүнчү орун – Жуд Беллингем ("Реал Мадрид"), төртүнчү орун – Даниэль Карвахаль (“Реал Мадрид”, бешинчи орун – Эрлинг Холанд кирген ("Манчестер Сити").

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан