"Раз на раз". Казакстандык футболчу күйөрмандарын мушташууга чакырды 

Коңшу Казакстандын футбол боюнча курама командасынын капитаны Асхат Тагыберген "Жеңиш" футболдук клубуна сенсациялуу жеңилгенден кийин “Ордабасы” клубунун күйөрмандары менен жаңжалдашты.

Беттештен кийин капитан менен күйөрмандардын ортосунда оозеки чыр чыкты. Күйөрмандар тарапка жакындап келген казак футболчусу эмоциясын жашыра албай кыйкырып, күйөрмандардын бирин мушташууга дагы чакырды.

"Бизде да эмоция бар. Топ дарбазага кирбей жатканын өзүңөр көрдүңөр. Эмнеге сөгүнүп жатасың? "Эй" дебе!" - деп ачууланды ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан