Кыргыз калыстары Азия Кубогунун тандоо оюндарын тейлешти

Кыргызстандык футбол адистери 23-27-октябрь күндөрү орун алган 17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы 2025-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарын тейлешти. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалым болгондой, ФИФА калысы Бернацкая Вероника жана ФИФА калыс жардамчысы Цой Рамина Камбоджада орун алган "B" тайпасынын (Ооганстан, Бангладеш, Камбоджа, Филиппин, Макао) беттештерин тейлешсе, ФИФА калысы Тайчиев Медербек Таиландда өткөн "D" тайпасынын (Таиланд, Индия, Бруней, Түркмөнстан) оюндарында иштеди.

"Дөөлөткелди уулу Сейит жана Абдунабиев Нураалы Кувейттеги "G" тайпасынын (Австралия, Индонезия, Кувейт, Мариана аралдары) оюндарында калыстык кылышты.

"Катарда "F" тайпасына кирген курамалардын (Жапония, Катар, Монголия, Непал) бир нече беттештеринде ФИФА калысы Жакыпбеков Санжар жана жана ФИФА калыс жардамчысы Грищенко Сергей иштешти", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан