2024-жылдагы дүйнөнүн эң мыкты машыктыруучусу аныкталды

Парижде өткөн "Алтын топ" сыйлыгын тапшыруу аземинде быйылкы жылдагы дүйнөнүн эң мыкты машыктыруучусу аныкталды.

Бул "Реал Мадриддин" башкы машыктыруучусу Карло Анчелотти. 2023/2024 сезонунда анын жетекчилиги астында мадриддик клуб Чемпиондор Лигасын жана Испания чемпиондугун жеңген.

Ошондой эле бул сыйлыкка Хаби Алонсо ("Байер"), Луис де ла Фуэнте (Испания курама командасы), Жан Пьеро Гасперини ("Аталанта"), Пеп Гвардиола ("Манчестер Сити") жана Лионель Скалони (Аргентина курама командасы) талапкер болгон.

Карло Анчелотти 2013-жылдан 2015-жылга чейин "Реалды" жетектеп, кайра бул клубга 2021-жылы кайтып келген. Анын жетекчилиги астында "Реал" үч жолу Чемпиондор Лигасын жана УЕФАнын Суперкубогун, эки жолу Испания чемпиондугун, Испания Кубогун жана Суперкубогун, ошондой эле Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугун жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан