Балдарын тийиштүү органдарга билдирбестен туугандарына таштап кеткен мигранттарга айып пул салуу сунушталууда

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги балдарын расмий органдарга кабарлабастан туугандарына таштап кеткен эмгек мигранттарына айып пул салууну көздөгөн мыйзам долбоорун сунуштап, коомдук талкууга чыгарды.

Документте ата-энелер өз балдарына камкорчуларды жана көзөмөлчүлөрдү аныктабастан жана бул тууралуу камкорчулук жана көзөмөл органдарына кабарлабастан өлкөдөн тышкары чыгып кетип жатышканы белгиленген. Мындан улам тийиштүү органдар кабардын жоктугунан тууганы, кошунасы же таанышына калтырылган балдардын кызыкчылыктарын жана таламдарын коргоону өз убагында жүргүзө албай калып жатканы жазылган.

Андыктан сунушталган долбоордо камкорчулук жана көзөмөл органдарына билдирбестен балдарын 15 күндөн ашык таштап кеткендерге 15 миң сом айып пул салуу каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан