Грузиядагы оппозиция менен өлкөнүн президенти Саломе Зурабишвили өлкөдө төңкөрүш жасоого камынып жатышат. Бул тууралуу Грузия парламентинин спикери Шалва Папуашвили билдиргенин РИА Новости жазды.
"Алар алдына бул максатты коюп, ага бара жатышат", - деген ал.
Папуашвилинин айтымында, алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын легитимсиз деп таап, убактылуу өкмөт түзүүнү пландап жатышат.
23-октябрда, шайлоо алдында Папуашвили журналисттерге өлкөдө 26-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин төңкөрүш жасоого камданып жаткан топ бар экенин билдирген.
27-октябрда Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили оппозиция лидерлери менен сүйлөшүп, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген. Ал бардык жарандарды көчөгө нааразычылык акциясына чыгууга чакырган.