Өзбекстандагы парламенттик шайлоодо бийликтин партиясы жеңишке жетти

Өзбекстанда 27-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгында "Либералдык-демократиялык" партия Мыйзам чыгаруу палатасындагы 150 орундун 64үн алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамходжаев маалымдаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, азыркы парламентте либерал-демократтар 53 орунга ээ.

Ал эми “Экономика” партиясы 16, “Миллий тикланиш” партиясы 36, “Адолат” социал-демократтар партиясы 21, “Өзбекстан элдик-демократтар” партиясы 20 орунга ээ болду.

“Шайлоо биринчи жолу аралаш система боюнча өттү – 75 депутат мажоритардык система (бир мандаттуу округдар), 75 депутат пропорционалдык система боюнча (партиялык тизме боюнча) шайланды.

Шайлоого катталган 20 миллионго жакын шайлоочунун 15 миллиондон ашыгы же 74,72 пайызы добуш берди. Анын ичинде 140 миңден ашуун Өзбекстандын жарандары чет өлкөлөрдө жашайт”, - деп кошумчаланган маалыматта.

Белгилей кетсек, 2005-жылдан бери Өзбекстанда эки палаталуу парламент – Мыйзам чыгаруу (төмөнкү) палата жана Сенат бар. Төмөнкү палатадагы бардык 150 орун өлкөдөгү расмий катталган беш саясий партияга бөлүнгөн. Парламент беш жылдык мөөнөткө шайланат. 2019-жылдын декабрында түзүлгөн азыркы Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттарынын ыйгарым укуктары 2024-жылдын аягында бүтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан