Мыктыбек Оролбай коркунучтуу жаракатынан кийин көз айнекчен көрүндү

Кыргыз мушкери Мыктыбек Оролбай Абу-Даби шаарында өткөн беттешинен кийин биринчи жолу көз айнекчен көрүндү.

Ал социалдык тармактагы баракчасына Абу-Даби шаарындагы чөлдө квадроцикл айдап жүргөндөгү видеосу менен бөлүштү. Анда кыргыз мушкери көз айнек тагынып жүргөнү, көзүнөн алган жаракаты тарай электиги көрүндү.

26-октябрда Абу-Даби шаарында "UFC-308" турнири өткөн. Анда Мыктыбек Оралбай польшалык Матеуш Ребецки аттуу мушкер менен кез келип, жеңилүү ызасын тартып калган.

Эки мушкердин беттеши турнирдеги эң мыкты беттеш деп табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан